• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалы өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында бүгүн артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалы өттү. Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин, шаар мэриясынын, колледждердин, лицейлердин өкүлдөрү, ошондой эле иш берүүчүлөр жана Жалал-Абад шаарындагы мектептердин жогорку класстарынын окуучулары катышты.

Иш-чаранын алкагында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин манежинде кесипке багыт берүүчү 15 аянтча өз иши алып барды. Анда жогорку класстардын 1500дөн ашык окуучулары колледж жана лицейлердин ишмердүүлүгү менен тааныша алды.

Окуучулар электр чынжырчаларды түзүп, кондитердик азыктарды жасап, автоунаалардын түзүлүшүн көрүп, өздөрүн электр ширетүүчү, ашпозчу, кийим тигүүчү жана башка ролдордо сынап көрдү.

Ошондой эле фестивалдын катышуучулары үчүн конкурстар, викториналар, студенттерден мода коргөзмөсү, окуу жайлардын чыгармачыл жамааттардан концерттик программа даярдалган.

Мындан тышкары, окуучулар окуу жайлардын өкүлдөрүнө гана эмес, жумуш берүүчүлөргө да кызыккан суроолорун бере алды. Иш берүүчулөр ушул тапта эмгек рыногунда талап жогору болгон адистиктер жана кесиптер жана ошондой эле адискөй адис болуу үчүн керектүү көндүмдөр тууралуу айтып берди.

Фестивалдын максаты – бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери арасында артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптерди жайылтуу, колледж жана лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясын колдоо, билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу.

Иш-чара Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий