Кадамжайда "Баяман баатыр" базарынан чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Баткенде "Баяман баатыр" базарынан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, И.Полотхан айылында жайгашкан "Баяман баатыр" базарында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 04:29да түшкөн. Жерине жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылып, 20 өрт өчүрүүчү-куткаруучу жумуш алып барган.

"Тилсиз жоо саат 5:36да өрт чектөөгө алынып, саат 6:54тө толугу менен өчүрүлдү. Учурда өрттүн чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМ кошумча маалымат берилерин белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий