Кадамжайда балдардын коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Кадамжайда балдардын коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун аймагындагы көлмөлдөрдүн, агын суулардын, дарыя, каналдардын бойлорунда жашаган жергиликтүү тургундарга Кадамжай РИИБнин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери эскертүү актыларын берип жатышат.

Ошондой эле ар бир ата-энеге жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Былтыр жайында милиция кызматкерлери ар бир айыл аймактардагы кооптуу жерлерди текшерип, эскертүү тактайчаларын илип чыгышкан.

2022-жылдын 2 ай аралыгында Кадамжай району боюнча мектеп жашына чейинки 2 бала сууга чөгүп каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий