• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кадамжайда логистикалык борбор куруу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Коргон тилкесине логистикалык борбор куруу пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендерди жергиликтүү бийлик жарыялаган.

Курулуштун суммасы 14 млн 500 миң сомго бааланып, конкурстук билдирмелерди 26-августка чейин тапшыруу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий