• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Оштун мэри Өзбекстандын элчиси менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидовду кабыл алды.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, мэр жолугушууда эки тараптуу мамилелер жигердүү өнүгүп жатканын белгилеген.

Тараптар социалдык-экономикалык, соода-өндүрүштүк, маданий-гуманитардык, туризм жана башка келечектүү багыттарда кызматташууну чыңдоо, Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун ишмердүүлүгүн уюштуруу маселелери боюнча сүйлөшүштү.

Жолугушуунун соңунда, тараптар мындан аркы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий