• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Нарын шаарынын бир катар ички көчөлөрү оңдолуп бүттү — тизме

Аймак 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Нарын шаарынын ички көчөлөрү ирэти менен оңдолуп, шаардын инфраструктурасы жакшырууда, деп билдирет Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.

Оңдоо иштерин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалы жүргүзүүдө. Шаардагы 43 көчөнүн 18инде асфальт төшөө иштери аяктады. Ал эми калган 10 көчөдө жолдорду оңдоо иштери графикке ылайык жүрүүдө.

Оңдолуп бүткөн көчөлөрдүн тизмеси:

Ак-Мөөр көчөсү — 0.369 км
Myканбет yyлy Улан көчөсү — 0,340 км
Чоробаев көчөсү — 0,433 км
Баетов көчөсү — 0,249 км
Ж. Алаев көчөсү — 0,264 км
И. Төрөбаев көчөсү — 0,173 км
Андабекова көчөсү — 0,083 км
Сыдыков көчөсү — 0.234 км
Ленин көчөсү — 0,670 км
Тынымсеитов көчөсү — 0,252 км
Жакыпов көчөсү — 0,262 км
Он-Арча көчөсү — 0,429 км
Мусурманкулов көчөсү — 0,650 км
А. Молдокадыров көчөсү — 0,774 км
Т. Мамбеталиев көчөсү — 0,162 км
Чаначев көчөсү — 0,310 км
Жаңыл Мырза көчөсү — 0,155 км
Кара-Бук көчөсү — 0,256 км.

Ал эми калган 15 көчөдө жумуштар белгиленген графикке ылайык бүтүрүлөт.

Белгилей кетсек, Нарын шаарынын ички көчөлөрүн оңдоо иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий