• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Ош шаарында жалпы ишембиликте 1800 кубдан ашык таштанды чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 10.04.22. /Кабар/. Кечээ, 9-апрелде Ош шаарында массалык ишембилик өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардын аймагын тазалоого бардык мекеме-ишканалардын, муниципалдык кызматтардын эмгек жамааттары, саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринин, анын ичинде жогорку окуу жайлардын жана бала бакчалардын кызматкерлери, жалпы тургундар активдүү катышты.

Ишембиликтин алкагында айлананы таштандылардан арылтуу, бак-дарактарды актоо, мекеме-ишканалардын фасаддарын жуу жана сырдоо, тротуарларды жана арыктарды тазалоо иштери жүрдү.

“Ош-Тазалык” ишканасынан билдиришкендей, таштанды таштоочу жайга 1800 куб метрден ашык таштанды чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий