• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кызыл-Кыяда сегиз айда экстремизмге байланышкан 5 факт катталды

Аймак 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында 24-26-август аралыгында шаар активисттерине, имамдар, квартал комитеттерине терроризм жана экстремизмдин алдын алуу боюнча жыйналыштар өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты улуттар арасындагы кастыкты козутпоо, ынтымакты бекемдөө, диний экстремизм, терроризмдин алдын алуу, провокациялык чакырыктарга жол бербөө, ошондой эле жаңыдан өсүп келе жаткан жаштарга туура тарбия берүү.

Жыйынга катышкан жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси жана тийиштүү кызматкерлери, шаардык казыяттын имамы жана укук коргоо кызматынын жетекчилери чогулгандардын суроолоруна жооп беришти.

Кызыл-Кыя шаар аймагында 2021-жылдын 8 ай ичинде экстремизмге байланышкан 5 факт катталып, тийиштүү чечимдер кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий