• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

"Жашыл мурас". Нарын шаарында жаңы сейил бак пайда болду

Аймак 0


Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Кечээ, 10-апрелде "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында Сабыркул Ашимбаевдин демилгеси менен Нарын шаарынын "64" аймагындагы Нарын суусунун жээгине 200гө жакын көк карагайдын көчөттөрү отургузулуп, жаңы сейил бак пайда болду. Бул тууралуу КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул аймак буга чейин таштанды топтолуп, каралбаган жер болчу. КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жыл сайын ишембиликте таштандылардан арылтып, тазалап турчу. Өткөн жумада Сабыркул Ашимбаев ушул аянтты сейил бакка айландыруу демилгесин көтөрүп, шаар мэрине жерди түздөп, бактын дүмүрлөрүн, таштандыларды тазалоо тапшырмасын берген.

Бүгүн 60 сотых аянтты ээлеген бул аймакка облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев баштаган ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын кызматкерлери жана облустук, шаардык мекеме жетекчилери жамааттары менен чыгып өз каражаттарынан көчөттөрдү отургузуп беришти.

Бийиктиги 1,5 метрди түзгөн 1 көчөттүн баасы 2500 сом турат. Аянтка жалаң 1,5 метрлик көчөттөр тигилди. Ыйгарым укуктуу өкүл үй-бүлөсүнүн атынан 3 көчөт тиксе, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты 11 көчөт алып беришти. Ошондой эле бардык мекеме-уюмдар "бир адамдан бир көчөт" ураанынын алдында өздөрүнүн жеке каражатынан көчөт алып, шаарды көрктөндүрүү ишине салым кошушту.

Жакында Нарын шаардык мэриясы тарабынан сейил бактын айланасы тосулат. Көчөттөрдү багып, өстүрүү ишин Нарын шаардык жашылдандыруу ишканасы жүргүзөт.

Ошондой эле ушул аймакка туристтик маалымат борборун курууга жер чечилип берилди.

Быйыл буюрса президенттин "Жашыл мурас" өнөктүгүнүн алкагында Нарын облусунун аймактарына 100 миңден ашык көчөт тигилет.

Пикир

Оставить комментарий