• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Ала-Бука районунун 1-Май айылында таза суу долбоору ишке ашууда

Аймак 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Ала-Бука районунун 1-Май айылынын Шарапкана - Үч-Терек участкасындагы үч чакырымдан ашуун аралыкка таза суу түтүктөрү ортотулуп жатат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, айылдагы аталган суу өткөрүүчү куурлар 1965-жылы орнотулуп, учурда эскилиги жетип, калкты жетиштүү деңгээлде таза суу менен камсыздоодо кыйынчылыктар жаралып келген.

Маселени чечүүдө жергиликтүү бийлик тарабынан тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүп, жаңы суу куурлары жаткырылууда. Долбоор FSDS коомдук фондунун гранттык программасынын алкагында, "ПО ВТ и СА" жоопкерчилиги чектелген коомунун кош каржылоосунда ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий