• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кар көчкү түштү. Нарын облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун беш тилкесинде болжол менен 10 миң куб метр кар көчкү түшкөн.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жол жабылгандыгына жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыгына байланыштуу 17-февралдан тартып Нарын облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда жеринде тазалоо иш-чараларын жүргүзүү максатында беш куткаруучу, бир унаа, бир грейдер, эки жүктөгүч, эки самосвал, бир жүктөгүч тартылган.

Мындан сырткары, жогоруда аталган унаа жолдун 265 жана 314-чакырымында милиция кызматкерлери нөөмөттө турушат.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыргандар жок.

Пикир

Оставить комментарий