• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Баткендеги өкүлчүлүк Өзбекстанга мыйзамсыз мунай кирип жатат деген маалыматты төгүндөдү

Аймак 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Өзбекстанга мыйзамсыз мунай кирип жатат деген маалыматты төгүндөдү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, акыркы күндөрү бир катар массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда тарап жаткан Баткен облусунун Өзбекстан менен чектеш Кадамжай районунун аймагында күнүнө, жер асты менен кошуна Өзбекстанга мыйзамсыз миңдеген тонна мунай кирип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

“Союз мезгилинде Өзбек ССР тарабынан курулуп Өзбекстан казып алып, пайдаланып келген газ, мунай өндүрүүчү скважиналардын ээлеген жер аянттары Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагына караштуу жана жалпы ээлеген жер аянты 1400 гектарды түзөт.

Азыркы учурда бул аймакта мунай өндүрүлбөйт жана жумуш токтотулган.

Мунайды Өзбек Республикасына таандык «Фергана Нефти» (учурда «Андижаннефти» АК) 1950-жылдан 2011-жылдын 21-майына чейин иштетип келген. СССР маалында 108 скважина иштеп, СССР таркагандан кийин жараксыз болгон скважиналарды өзбек тарап бузуп алып кетип, 2011-жылы 18 скважина калган. Алардын ичинен 9 скважина бузук абалда, 9 даанасы оң абалда болуп 2011-жылдын 21-майынан бери токтоп турат.

Газ сактоочу жайлар боюнча 1950-жылдан мунайдан бошотулган тереңдиги 400-1350 метрге чейинки пласстарга газды камап 1 млрд 5 млн метр куб газды Фергана өрөөнүн жана Ак-Турпак айыл аймагынын Жаңы-Жер, Миң-Чынар, Жаш-Тилек айылдарын газ менен камсыздап турган. Бирок учурда газ жок.

«Узтрансгазга» таандык №1,2,3 ГРП ишканасында 108 газ сактоочу жайлары иштеп турган. Делимитация, демаркация толугу менен бүткөн, бирок обьектилер өткөрүлүп бериле электигинен, өзбек тарап бүгүнкү күнгө чейин ишканаларынын коопсуздугун кайтарып келет, бирок бир да скважина иштебейт”, - деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жогоруда аталган мүлктөр кыргыз тарапка өтө электигине байланыштуу эч кандай скважиналарды иштетүү иш-аракеттери жүрө элек.

Бул маселени чечүү боюнча Кыргызстан чек араларды делимитациялоо боюнча Өзбекстан менен Өкмөттөр аралык комиссияга талаптарды коюп келет.

Пикир

Оставить комментарий