Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Кадамжайда милициянын көчмө кабылдамасы мектептердин айланасында иш жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Кадамжай райондук милициянын көчмө кабылдамасы Кадамжай шаарындагы чоң жолдун боюнда жайгашкан А.Масалиев, Б.Айтматов орто мектептериндеги мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо максатында эрте менен мектепке келген окуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөөдө.
Ошондой эле окуучулар арасындагы укук бузууларга жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Былтыркы жылы ушул аймактарда мектеп окуучулары катышкан 2 жол кырсыгы катталып, 2 укук бузуу фактылары аныкталган.
Пикир
Оставить комментарий