• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош облусунун башчысы сел жүргөн аймактарга барды

Аймак 0

Бишкек, 23.04.24./Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүргөн аймактарга барды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ал Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, медицина, жол тейлөө жана энергетика тармактарынан түзүлгөн ыкчам топтун иши менен таанышты.

Иш сапардын алкагында облус башчысы тургундардын көйгөйлөрүн угуп, жергиликтүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди. Ал эми жергиликтүү тургундар облус жетекчиси менен коопсуздук маселелерин активдүү талкуулап, кооптуу объектилерди көрсөтүп, аларды чечүү чараларын көрүүнү суранышты. Элчибек Жантаев жергиликтүү бийликке коопсуз аймактардан жер тилкелерин бөлүп берүүнү тапшырды.

Ошондой эле ал облуста өзгөчө кырдаал жарыяланганын, селден жабыркаган бардык аймактар калыбына келтирилерин баса белгиледи.

Учурда облустун бардык аймактарында абал көзөмөлгө алынып, селден кийин калыбына келтирүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий