• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстандын дин аалымдары Талас облусунда агартуучулук иштерди жүргүзүштү

Аймак 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 17-мартта Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын кызматкерлери жана аалымдар кеңешинин мүчөлөрү “Агартуу кербени” менен Талас облусуна келди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас шаарынын тургундары менен Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиев жана белгилүү дин аалымы Абдишүкүр ажы Нарматов менен жолугушту.

Иш-чарага президенттин Талас облусундагы өкүлү Нурлан Дарданов катышып, дин аалымдарынын “Агартуу кербени” ысырапкорчулук жана салттуу Ислам боюнча кеңири түшүнүк берүү максатын көздөй турганын белгиледи.

"Тилекке каршы бүгүнкү күндө “Аш көп болсо каада көп” дегендей, салтыбызда, динибизде жок жөрөлгөлөргө жол берилип, мунун баары эч кимге пайдасыз, бирок олуттуу чыгымдарга алып келүүдө. Элибиз тапкан каражатын татыктуу жашоого, муктаждыктарын чечүүгө, ден-соолугун чыңдоого, балдардын билим алуусуна жумшабай эле той-ашка жумшап калганы бүгүнкү күндүн чындыгы. Себеби, колунда бар адамдарга той бергенде маркумду акыркы сапарга узатканда бир эки бодо мал же жылкы союу анчалык кыйынчылык туудурбаганы менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн көптөгөн кыйынчылыктарды жаратып, карызга батып калуусуна себепкер болууда”, - деди ал.

Белгилей кетсек, дин аалымдарынын эл менен жолугушуулары бардык райондордо болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий