• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган тереңдиги 17,5 метрдик тоннель табылды – видео

Аймак 0


Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. 4-июнда Ош облусунун Кара-Суу шаарында Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган тоннель табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР Чек ара кызматынын башкармалыгы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көмөгү менен, ошондой эле Өзбекстандын тиешелүү кызматтары менен биргеликте Кара-Суу шарында жайгашкан чарбалык турак жайдын бетон тротуарында Кыргызстан менен Өзбекстанды жер астындагы өтмөк менен байланыштырган туннель табылган.

"Туннелдин тереңдиги 17,5 метр, тоннелге кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 см, туннелдин жалпы узундугу 155 метрге жакын экени аныкталды. Учурда бул тоннелди пайдалануу менен мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, буга чейин дагы УКМК тарабынан аткезчиликке каршы комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган туннель табылган.

Пикир

Оставить комментарий