• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Аска-Таш комплексин оңдоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Аска-Таш комплексин оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Фучик көчөсүн бойлой жайгашкан Аска-Таш комплексинде «БИШКЕК» деген жазуусу бар постаменттин керамогранити алмаштырылууда. Мындан тышкары, стела жана петроглифтер сырдалды.

Белгилей кетсек, буга чейин комплексте фонтан, отургуч, урна, «Бишкек» деген жазуу жана стеладагы орнамент сырдалган. Ошондой эле фонтандардын четтери оңдолуп, үн өткөрбөй турган тосмолор орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий