• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кадамжайда мыйзамсыз менчиктештирилген 92 млн сомдук стадион мамлекетке алынды

Аймак 0


Бишкек, 24.08.24. /Кабар/. Кадамжайда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объектилерин аныктоо жана аларды мамлекеттин пайдасына кайтаруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Тактап айтканда, УКМК тарабынан “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун электрондук маалыматтык журналына катталган материалдын негизинде Кадамжай районунун Калача айылынын аймагындагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген болжолдуу баасы 92 млн сомдон ашык, 1,85 гектар "Стадион" социалдык объектиси муниципалдык менчиктин балансына кайтарылды.

УКМК мамлекеттик жерлерди, имараттарды жана курулмаларды жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирүүнүн ушул сыяктуу фактыларын аныктоого багытталган иштерди улантууда, ошондой эле аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий