• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кадамжайда өзгөчө кырдаал режими алынды

Аймак 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Кадамжайда сел кесепеттерин жоюу иштери жыйынтыкталгандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 24-июнда нөшөрлүү жаандан улам Кадамжай районунун Искак Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылына сел келип, турак үйлөргө, жер төлө жана социалдык объекттерге суу кирген.

Калыбына келтирүү иштерине ӨКМден куткаруучулар, техникалык каражаттар тартылып, Жарандык коргонуу кызматтары жана ыктыярчылар жардам көрсөтүшкөн.

Белгилей кетсек, селден улам Кадамжай районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими 25-июнда киргизилип, Жеңиш айылынан миңге жакын жергиликтүү тургун коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий