• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Ысык-Көл облусундагы 24 мектеп авариялык абалда

Аймак 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Кыргызстан боюнча жалпысынан 198 мектеп авариялык абалда. Анын ичинен Ысык-Көл облусунда 24 мектеп, Жети-Өгүз районунда 4 авариялык абалдагы мектеп бар. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди.

Президент билдиргендей, быйыл республика боюнча 6 авариялык мектептерде курулуш иштери башталат, октябрь айында Жети-Өгүз районунун Дархан айылына мектеп курула баштайт. Ысык-Көл облусунун калган 18 авариялык мектептеринде дагы курулуш иштери жүргүзүлөт.

Жээнбеков кошумчалагандай, коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражатынын эсебинен аймактардагы авариялык мектептер оңдолот.

Белгилей кетсек, бүгүн Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ысык-Көл облусунда жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий