• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аламүдүндө жол коопсуздугун камсыздоо боюнча атайын иш-чара өтүп, 20 протокол түзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык инспекторлору жана балдар менен иштөө инспекторлору жол кайгуул кызматы менен биргеликте жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүштү.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 22-марттагы иш-чарада милиция кызматкерлери Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй, Көк-Жар, Таш-Мойнок, Кара-Жыгач айылдарынын тургундарына жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Өзгөчө көңүл жөө жүргүнчүлөрдүн жолдон туура эмес жерден өтүшүнө жана жол чыракка кызыл күйүп турганына бурулду. Ошондой эле балдар менен жолдон өтүп жаткан жөө жүргүнчүлөр менен баарлашуулар болуп, кийимдердеги чагылдыруучу элементтердин маанилүүлүгү тууралуу да түшүндүрүү жүрдү”, - деп айтылат маалыматта.

Алдын алуу иштердин жүрүшүндө Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 190-беренесине ылайык 20 административдик протокол түзүлдү.

Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар Чүй облусунун Аламүдүн районунун башка айылдарында да уланат.

Пикир

Оставить комментарий