• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Уят сөздөрдү айткан. Жети-Өгүздө мектептин директору окуучуну чаап жиберген

Аймак 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда мектептин директору окуучуну чаап жибергенин облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Жети-Өгүз райондук милициясына 4-мартта райондук ооруканадан маалымат келип түшкөн. Анда 16 жаштагы окуучу денесинен жаракат алып түшкөнү кабарланган.

Аталган маалымат райондук милициянын электрондук маалымат журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

“Дархан айылынын орто мектебинде 9-класстар арасында “КВН” жана спорт мелдеши жүрүп жаткан. Ошол спорт мелдешинде аркан тартышы өтүп жатканда баланы “эмнеге уят сөздөр менен тилденип жатасын” деп мектептин 37 жаштагы О.Э. аттуу директору башка чаап жибергени аныкталган”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен тийиштүү юридикалык баа берилет.

Пикир

Оставить комментарий