• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстанда жаандан улам ирригациялык каналдар 13,6 млн сомдук зыянга учурады

Коом 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. 2024-жылдын апрель-май айларында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сугат мезгилине даярдалган мамлекеттик ирригациялык объектилер кыйроого учурады.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан республика боюнча 33 ирригациялык объектиге залал келтирилип, зыяндын суммасы 13,6 млн сомго жеткен.

Белгиленгендей, учурда Суу ресурстары кызматынын карамагындагы түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан жеринде кыйроолорго учураган объектилерде биринчи кезектеги калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, сугат суу берүү жанданууда.

Пикир

Оставить комментарий