Кадамжайда жемиштерди сактоочу логистикалык борбор курулду

Аймак 0

Бишкек, 30.06.24. /Кабар/. Кадамжайда жемиштерди сактоочу логистикалык борбор курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Айыл чарба азыктарын сактоочу кампанын курулушуна, Баткен облусун өнүктүрүүгө максатталган 500 млн сомдун эсебинен 18млн 700миң сом жумшалды.

Алдыда айланасын көрктөндүрүү, асфальт төшөө, жарыктандыруу жумуштары жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалат.

Август айында пайдаланууга берилүүсү күтүлөт. 5 адам жумуш менен камсыз болот.

Азык-түлүк сактоочу жайдын сыйымдуулугу 350 тоннаны түзөт

Соода логистикалык борбордун жанына муниципалдык кыям өндүргөн ишкана да курулууда.

Мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында курулган чакан ишкана үчүн жергиликтүү бийлик жер ажыратып берген, жабдуулар менен камсыздоо жагы CASA 1000 долбоорунун алкагында АРИС тарабынан колдоо тапкан. Ишкананы күз айларына ишке берүү пландалган.

Жемиштерди сактаган кампанын жанына кыям өндүргөн ишкананын курулушу, анын жетиштүү көлөмдө продукция камдап, үзгүлтүксүз иштөөсүнө шарт түзөт.

Пикир

Оставить комментарий