• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кадамжайдагы келиндин аянычтуу өлүмү. Ташиев зомбулукка кабылган кыз-келиндерди УКМКга кайрылууга чакырды

Кырсык 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кадамжайда күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин окуясына байланыштуу кайгыруу менен билдирүү жасады.

УКМК башчысы жаш келиндин тагдыры өтө аянычтуу болгондугун айтып, жалпы кыргызстандык кыз-келиндерге кайрылды.

"Урматтуу кыз-келиндер!

Эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса, тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине кайрылыңыздар!

Энелерди, аялдарды,кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө биз милдеттүүбүз!", - деп билдирүү калтырды Ташиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу.

Пикир

Оставить комментарий