• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 7 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 7 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунда 3, Ош шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 1, өрт катталган.

Ош облусунун Араван районундагы Араван айылында турак үйдөн өрт чыккан. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Кант шаарында мончонун темир калай менен жабылган 35 чарчы метр чатыры жана пластик менен жабылган ички кабылгасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий