• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК эл аралык баңги каналына тиешеси бар чет элдик жарандарды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан синтетикалык баңгизаттарды жеткирүү жана таратуу боюнча дагы бир каналга бөгөт коюлду.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңгизат кылмыштуу тобунун мүчөлөрү С.А.Р. жана К.М.Б. кармалды.

"Чүй облусунун Аламүдүн районунун Константиновка айылына жакын жерде, “Ак-Жол көзөмөлдөп-өткөрүү пунктту – Бишкек шаарынын унаа жолунда” 30 жаштагы С.А.Р. жана 31 жаштагы К.М.Б. аттуу эки чет элдик жаран кармалды. Алардын жанынан жалпы салмагы 2 кг 800 граммды түзгөн синтетикалык "мефедрон" баңгизаты алынды. Анын базар баасы 1 гр 6 миң сомго бааланып, Кыргызстандын аймагында кармалган баңги жүктүн баасы болжол менен 15 миллион сомду же 168 миң АКШ долларын түзөт", - деп айтылат маалыматта.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту "Ири өлчөмдө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу, жөнөтүү" боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган чет элдик жарандар тергөө амалдары бүткөнгө чейин КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланып, бул багытта активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий