• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кадамжайда 41 турак үй сел коркунучунан корголууда

Аймак 0

Бишкек, 05.09.24. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында сел коркунучунан коргоо чаралары жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар мингистрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагындагы Таш-Булак сел өткөрүүчү сайында ӨКМден бөлүнгөн экскаватор тарабынан 200 метр аралыкта механикалык тазалоо жумуштары башталды.

Жыйынтыгында 41 турак үй, 5 га огород участкасы, 3500 метр ички чарбалык жол жана мектеп сел коркунучунан коргоого алынат.

Пикир

Оставить комментарий