• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Ошто бала бакчага кирип, 4 жашар кызды зордуктоого аракет кылды делген бала кармалды

Аймак 0

Ош, 16.11.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында кечээ, 15-ноябрда 4 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган 20 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрда шектүү жеке бала бакчалардын бирине кирип, 4 жашар кызга тийише баштаган.

Билдирүүдө айтылгандай, атайын топ түзүлүп, бала бакчанын күзөтчүлөрүн жана кызматкерин суракка алышкан. Ошондой эле түзүлгөн комиссия “Балаты” жеке бала бакчасынын да коопсуздук абалы менен таанышып чыккан.

“Жеке бала бакчанын директорунун, тарбиячылардын жана күзөтчүлөрдүн айтымдарында, мындай окуя бала бакчанын тегерегинде болгон эмес. Себеби дегенде 15-ноябрда кыздын ата-энеси аны бала бакчага алып келип, бала бакчанын кызматкерлеринин көзөмөлүндө калтырышкан эмес. Аталган жагдай боюнча Билим берүү министрлиги да кызыгып жатат, ал жакка биз ар дайым комиссиянын баяндоосун жөнөтүп турабыз. Мен да таң калып отурам, биринчиден апасы милицияга кайрылып, арыз жазды, экинчиден бала бакчанын кызматкерлери баланы кызматкерлердин багуусуна калтырышкан эмес деп жатышат”,-деди Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси Авазбек Асанов.

Шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Ата-энеси арыз жазышты. Аталган факт боюнча экспертиза дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий