• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

“Кадастр” мекемесинин мурдагы жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Кызмат абалынан пайдаланып алдамчылык аракеттерге барганы үчүн “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси А.С.К. кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

2023-жылдын март айында А.С.К. Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп, материалдык пайда алуу максатында Ж.О.С. аттуу жаранга 1 млн 200 миң АКШ долларына 3 гектар жер тилкесин (мамлекеттин балансында турган Байтик-Батыра көчөсүндөгү Орто-Сай айылындагы жер тилкесин) сатып алууну сунуштаган.

Кылмыштуулук фактыларын тастыктоо жана документтештирүү максатында 2023-жылдын 20-ноябрында Бишкек шаарындагы кафелердин биринде (мурда алынган 150 миң АКШ долларынын) 10 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын кайтарып берүү учурунда А.С.К. пара менен кармалды.

Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгында А.С.К. КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий