• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кадимки кара түтүн менен ыштын ден соолукка тийгизген терс таасирлери

Ден соолук 0


Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ыштын ден соолукка тийгизген таасири тууралуу айтып берди.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдөгү ар бир 10 адамдын 9у булганыч абадан дем алат. Жыйынтыгында жылына 2 миллиондон ашык адам жүрөк оорусунан, ал эми, 1 миллиондон ашыгы инсульттан каза табат. Ыштын кесепетинен улам, дүйнө жүзү боюнча жылына жалпы 7 миллион адам өмүрү менен кош айтышат.

Булганыч аба жана түтүн аралашкан ыштан бөлүнүп чыккан азот кычкылы, зыяндуу химиялык заттар адамдын дем алуу органдарын жабыркатып, төмөнкү оорууларды чакырат.

Алар:

- Өпкөнүн сезгенүүсү;

- Астма;

- Бронхит;

- Алсыроо жана баш ооруу;

- Жүрөк-кан тамыр оорулары;

- Бөйрөктүн жетишсиздиги;

- Өнөкөт жана рак оорусун козгошу мүмкүн.

Ыш-түтүндүн зыяны жаш куракка карабай бирдей таасир берип, наристелердин өмүрү үчүн да өтө кооптуу.

Андыктан өзүбүздүн жана жакындарыбыздын саламаттыгы үчүн ышка каршы бирге аракеттенели!

Пикир

Оставить комментарий