• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кадр маселесине байланышкан документтер электрондук форматка өттү – адис

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 21.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда кадр маселесине байланышкан документтер электрондук форматка өттү. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Бопушева радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эми жумушка алуу, жумуштан бошотуу, эмгек өргүү сындуу документтер санариптик түрдө түзүлөт.

“Эч кандай кагазы жок эле, эмгек эргүүсүнө чыккан кызматкерлердин буйругуна электрондук негизде кол койсо болот. Мындай аракеттер убакытты үнөмдөп бюрократияны жоёт. Мындан сырткары, бул бюджеттин жүгүн азайтууга жардам берип, процесстин бардык катышуучулары үчүн документтер менен иштөөнү жеңилдетет. Келечекте дагы документти издегени жеңил болот. Мисалы, пенсияга чыгып жатканда жарандар эмгек китепчесин жоготуп алышат. Ошол учурда , электрондук базадан бул документти 2-3 мүнөттүн ичинде эле табууга болот”, -деди ал.

Белгилей кетсек, учурда өлкө боюнча мамлекеттик мекемелерде “Инфодокс” программасынын негизинде кадрдык кагаздарды санариптештирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Эми архивдик кызмат жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп январдын аягына чейин кадр тармагына тиешелүү болгон 700дөн ашык кагаздар электрондоштурулат.

Пикир

Оставить комментарий