• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Кафе-ресторан, оюн-зоок борборлору өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташканда гана ачылат - Боронов

Коом 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Кафе-ресторандар акыркы этапта ачылат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, кафе-ресторандар адистер эпидемиологиялык абал жакшырды деп билдирген соң гана ачылат. “Биз адистердин өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жакшырды деген тиешелүү билдирүүсүнөн соң гана, кафе-ресторан, оюн-зоок борборлорун ачуу боюнча чечим кабыл алабыз. Азырынча алардын качан ачылаарын айтуу эртелик кылат”, - деди Боронов.

Ал кошумчалагандай, азырынча бул тармактар иштебей турат.

Эске сала кетсек, айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май 24.00дө аяктайт, коменданттык саат жокко чыгарылат. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет.

Өкмөт тарабынан COVID-19 вирусунун кесепетинен улам келип чыккан кыйынчылыктарды жеңүү максатында жана экономикалык зыянды азайтуу үчүн экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты. Ага ылайык, 1-майдан тартып айрымдары өз иштерин кайрадан баштады.

Пикир

Оставить комментарий