Жумуш ордунда ичимдик ичкен "Бишкекасфальтсервистин" кызматкерлери иштен алынды

Коом 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эмгек тартибин бузгандыгы үчүн иштен алынды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мэриядан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда видео тарап, андан белгисиз аял күйөөсүнүн жумушуна келип, анын үйгө келбегендигин, үй-бүлөсүн камсыздабай жаткандыгын айтып, жаңжал чыгаргандыгын көрүүгө болот. Ошону менен бирге видеодо адамдардын тобу, анын ичинде жогорудагы аялдын күйөөсү жумуш ордунда ичимдик ичип отургандыгы көрүнүп турат.

Белгилүү болгондой, “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын төмөнкү кызматтарды ээлеген кызматкерлери иштен бошотулду:

- Инженер-энергетик;
- Пландык-экономикалык бөлүмдүн башчысы;
- Башкы бухгалтер;
- Диспетчер.

Пикир

Оставить комментарий