• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Мамлекеттик номерлерге онлайн-аукциондор порталын пайдалануучулар үчүн жаңы эреже киргизилди

Коом 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Кыргызстанда цифралардын жана тамгалардын өзгөчө айкалышы менен мамлекеттик номердик белгилерди сатып алуу үчүн онлайн-аукциондор порталын пайдалануу эрежесине маанилүү өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Пайдалануучуларды блокко коюудагы өзгөрүү:

Бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик номерлерге төлөбөгөн пайдалануучуларды блокко коюу, төлөбөй коюунун эскирүү мөөнөтүнө карабастан блоктон чыгаруу мүмкүнчүлүгү жок жүргүзүлүп келген. Жаңы эрежелер менен 6 айга чейин блокко коюу мөөнөтү киргизилди.

Пайдалануучуларды блокко коюу/ блоктон чыгаруу эрежеси:

  • Жеңүүчү болуп табылган, бирок мамлекеттик номерге сертификат үчүн жыйынтыктоочу бааны үч жолудан көп төлөбөй койгон онлайн-аукциондун катышуучулары 6 айга чейинки мөөнөткө nomer.srs.kg порталында убактылуу блокко коюлат.
  • Кийинки жогорку бааны сунуштаган, бирок сертификат үчүн өзү сунуштаган бааны төлөбөгөн катышуучулар да nomer.srs.kg порталда 6 айга чейинки мөөнөткө блокко коюлат.
  • Блокко коюлгандан кийин, катышуучулар 6 айга чейин онлайн-аукционго катыша алышпайт. Бирок, кайрадан үч жолудан көп төлөбөй койгон катышуучулар кийинки аукциондорго катышууга мүмкүнчүлүк берилбестен, блокко коюлат.
  • Аукцион өткөрбөстөн брондоп койгон номердик белгилерге сертификаттарды үчтөн көп жолу сатып албаган жактар 6 айга чейинки мөөнөткө nomer.srs.kg порталында убактылуу блокко коюлат. Блокко коюлгандан кийин, 6 айдын өтүшү менен аукцион өткөрбөстөн номердик белгилерди сатып алууга мүмкүнчүлүк берилет. Эгерде, аукционсуз номердик белгилерге сертификаттын жыйынтыктоочу баасын кайрадан үч жолудан көп төлөбөй койгон жактар кийин номердик белгилерди сатып алууга мүмкүнчүлүк берилбестен, блокко коюлат.

Ошондой эле QR-коддо маалымат түзүү ыкмасы жакшырды, ал сертификаттын аныктыгынын статусун, сертификаттын номерин, мамлекеттик каттоо номерин жана ээсинин аты-жөнүн алууга мүмкүндүк берет.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги катышуучулардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана процесстин ачыктыгын камсыздоо менен мамлекеттик номердик белгилерди сатуу үчүн онлайн-аукциондорду колдонуунун адилеттүү жана натыйжалуу механизмин камсыз кылууга аракеттенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий