• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

СӨМ: 2023-жылы 119 колл-борбору 253 миңден ашык чалуу кабыл алган

Коом 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. 2023-жылы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 119 колл-борбору 253 миңден ашык чалуу кабыл алган, бул 2022-жылга салыштырмалуу 8 400 чалууга көбүрөөк.

Ведомстводон билдиришкендей, ошондой эле жарандарга, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү жарандарга консультациялык маалымат берүү үчүн атайын онлайн-чаттар уюштурулган, анын негизинде 23 миңден ашык кайрылуу иштелип чыккан.

Апрель айында чалуулардын максималдуу саны катталган – 24 072.

Жарандар 2023-жылы көбүнчө төмөнкү 5 маселе боюнча кайрылышкан:

  • Паспорт – 137 766;
  • Жарандык абалдарынын актыларын каттоо – 37 930;
  • Булутка негизделген электрондук кол тамгасын алуу – 28 522;
  • “Түндүк” тиркемеси боюнча – 18 657;
  • Техникалык өтүнмөлөр – 14 880.

⁠Операторлор маалыматты мамлекеттик жана расмий тилдерде беришет. 119 номери боюнча министрликтин бардык бөлүмдөрүнүн иши боюнча арыз же сунуш калтырса болот. Кыргызстандын бардык байланыш операторлоруна чалуу – акысыз жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий