• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кайгуул кызматкерин унаанын капотуна сүйрөгөн айдоочуга карата иш козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Бишкекте Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу милициянын кайгуул кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, аны капотуна сүйрөп кеткен.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, айдоочу Октябрь райондук милициясына жеткирилип, протоколдор түзүлгөн.

“Ал жарандын жанында айдоочулук күбөлүгү жок болгону жана “Коопсуз шаар” долбоору боюнча келген 15 айыптын төлөнбөгөнү аныкталды. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды”, - деп айтылат маалыматта.

Унаа айып аянтчасына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий