Кайгуул кызматкерлери кошунасын өлтүрүүгө шектелген жаранды кармады

Кырсык 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү жаранды аныктады.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, 5-октябрда түнкү саат 00:05тер чамасында "102" кызматына Ак-Ордо жаңы конушунда бычактан жаракат алды деген маалымат келип түшкөн.

Жерине барган кайгуулчулар 1991-жылы туулган У.А. аттуу жаран төшүнө бычак сайылган абалда ооруканага жеткирилгендигин такташкан.

"Жабырлануучуга мас кошунасы ашкана бычагы менен сайып жиберген. У.А. ооруканада көз жумган", - деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн ыкчам кармоо иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү делип 1988-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук милициясынын Тергөө кызматына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий