• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Чек ара чыры: эки адам ооруканага түштү

Кырсык 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 12-апрелинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон чыр-чатактын кесепетинен эки жабырлануучу (жай тургун жана жоокер) Лейлек шаарындагы жалпы дарыгерлердин практика борборуна жарылуу сыныктарынан алган жаракат диагнозу менен түшкөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда жараат алган жоокер ооруканада жатат, алгачкы хирургиялык дарылоо жүргүзүлгөн, абалы орто.

Экинчи жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, канааттандырарлык абалда амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө созулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болгон.

Чек ара кызматынын акыркы маалыматына таянсак, Кыргызстан менен Тажикстан күч жана каражаттарын алып кете баштады.

Пикир

Оставить комментарий