• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кайгуул кызматында 14 кыз-келин иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Бүгүнкү күнү Кайгуул кызматында 14 кыз-келин иштөөдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Учурда, кайгуул кызматы Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов районунда иштеп жатат. Эки райондо 262 кызматкер иш алып барууда.

"Учурда кайгуул кызматында 14 кыз-келин иштеп жатат. Экинчи баскычта 16 кыз-келин тандалып алынган. Ал эми үчүнчү баскычта 26 кыз-келин арыз таштаган", - деди Сатыбалдиев.

Белгилей кетсек, жалпы шаар боюнча кайгуул кызматына 811 кызматкер керек. Учурда шаардын эки районунда 262 кызматкер иштөөдө. Жакын арада, экинчи баскычта тандалып алынган болочок 235 кызматкер окуусун аяктап, кызматка киришет. Андан тышкары, үчүнчү баскычтын алкагында 182 киши 18-19-декабрда маектешүүгө катышып, андан өткөндөр үч айлык окууга жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий