• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аскерге чакырылган жарандар психологиялык жактан текшерилет

Коом 0

Бишкек, 17.07.18. / Кабар/. 2018-жылдын башынан бери 3 миңге жакын жаран аскерге чакырылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Аскердик башкармалыктын жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Сыргак Бодобаев билдирди.

Анын айтымында, куралдуу күчтөрдүн катарлары 100 пайызга толукталган.

“Альтернативдик кызматка 7 миңге жакын жаран чакырылган. Мыйзамда ден соолугунун абалына байланыштуу альтернативдик кызмат түшүнүгү жок кылынган. Эми альтернативдик кызматтан үй-бүлөлүк себептер менен аскердик кызматын өтөй албай калгандар өтүшөт”, - деди Бодобаев.

Ошондой эле ал 2018-жылдын күзгү чакыруусунда аскерге чакырылгандарга психологиялык тестирлөө киргизилерин айтты.

“Түштүктөгү жана Чүй облусундагы психологдор аскерге чакырылгандардын психологиялык абалын аныктоочу тестирлөө жүргүзүшөт”, - деди Бодобаев.

Пикир

Оставить комментарий