• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Милиция Бишкекте курулуп жаткан үйдүн дубалынын урашы боюнча текшерүү баштады

Коом 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Бишкектин Исанов көчөсүндөгү курулуп жаткан үйдүн дубалынын урашы боюнча Биринчи май райондук милициясы текшерүүнү баштады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине райондук милициядан кабарлашты.

“Учурда текшерүү жүрүп жатат, кошумча маалымат кийинчерээк берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы аталган жерде эч кандай курулуш иштери жүрбөгүнүн айтып, эски үйдү бузуу жумуштары жүрүп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, шаардыктар Бишкектин Исанов көчөсүндө жайгашкан үйдүн курулушу жүрүп жаткан учурда 2-кабатынын дубалы урап түшкөндүгүнө даттанышкан.

Пикир

Оставить комментарий