• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кайра шайлоо: 1 миң 111 шайлоочу шайлоо участкаларынан тышкары добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи май районунан Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо 1111 шайлоочу шайлоо участкаларынан тышкары добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпысынан шайлоо участкаларынан тышкары добуш берүүнү каалаган шайлоочулардын 88,6%ы добуш берди.

"Шайлоо участкаларынан тышкары добуш берүүгө арыз берген 142 адам добуш берүүгө катышкан жок, анын ичинен 60 адам участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү барган учурда үйүндө жок болгон, калгандары башка себептер менен", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарынын №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий