• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош жана Өзгөн шаарларында реконструкция боло турган инфраструктуралык объекттердин тизмеси бекиди

Аймак 0

Бишкек, 27.02.22. /Кабар/. Ош жана Өзгөн шаарларында реконструкция боло турган инфраструктуралык объекттердин тизмеси бекиди.Бул тууралуу КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен (АРИС) билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте Ош облусу жана Ош шаарында “Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун Байкоочу кеңешинин отурумунда Байкоочу кеңештин мүчөлөрү реконструкция жана реабилитация боло турган төмөндөгү инфраструктуралык объекттерди бир добуштан бекитти:

1.Сулайман-Тоодогу объекттер: Сулайман-Тоо, Сулайман-Тоо үңкүр музейи, этнографиялык-археологиялык музей, көркөм сүрөт музейи, коло доорундагы кыштакча, орто кылымдагы мончо, устаканалар көчөсү, Сулайман-Тоого түндүк тарабынан кирүү, кооз көркөм өнөр бакчасы, көркөм өнөр аянтчасы, Асаф бин Буркияе мовзолейинин алдындагы аянтча, Сүрөттүү-Таш аска бооруна чегилген сүрөттөр жана Өзгөн археологиялык-архитектуралык комплекси.

2. Ош шаарындагы объекттер: драма театр паркы, Т.Сатылганов атындагы театр, Алишер Навои атындагы парк, Ош шаарынын борбордук аянты, Ак-Буура дарыясынын жээги.

3. Өзгөн шаарындагы объекттер: Н. Азнабакиев атындагы «Тынчтык» эс алуу жана маданият паркы, шаардык стадиондун жанындагы парк, шаардык стадион, парктагы көпүрө, Гагарин 1 жана Гагарин 2 көчөлөрүн калыбына келтирүү.

4. Ош облусундагы туристтик объекттер: Кыргыз-Ата жана Кара-Шоро улуттук табигый паркттары жана Абшыр-Ата шаркыратмасы.

Бул объекттерге долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгып, андан соң курулуш иштери башталат.

Пикир

Оставить комментарий