• 87
  • 90.59
  • 0.86

Кайра жаралуучу энергияны өндүрүүнү колго алышыбыз керек – Кырбашева

Коом 0

Бишкек, 26.11.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Учурда Кыргызстан энергияга муктаж өлкө болгондуктан чакан ГЭС, күн, шамал сыяктуу бардык булактардан энергия өндүрүүнү колго алышы керек. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде министрлер кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фондунун” директору Кундуз Кырбашева билдирди.

Анын айтымында, жакынкы жылдары энергияга болгон суроо талап мындан да жогорулайт. Азыркы учурда импорттолгон электр энергиясы 3,5 млрд кВт саат болсо, 3-4 жылдан кийин 5-6 млрд кВт сааттан ашуусу мүмкүн.

“Ошондуктан азыртадан өзгөчө кайра жаралуучу энергия булактарын пайдаланып, энергетикалык коопсуздукту сактап, алдын алуу иш-чараларын жүргүзүшүбүз зарыл. Бүгүнкү күндө энергетика тармагына инвестиция тартуу боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Өлкөдө чакан ГЭСтерди курууга артыкчылык берилип, жер маселеси чечилген компаниялар жабдыктарын алып келип орнотуп жатышат”, - деди Кундуз Кырбашева.

Ошондой эле Токтогул суу сактагычынын үстүндө калкып турган күн станциясын орнотуу боюнча европалык биргелешкен ири компания менен келишимдерге кол коюлары күтүлүп жатканын Кырбашева кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий