• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кайрат Керимбеков: "Манас" соода-логистикалык шаарында 60 миң жумуш орду түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 03.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. "Манас" соода-логистикалык шаары 6 жыл ичинде курулуп, анда 60 миң жумун орун пайда болот. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде "Манас" уникалдуу шаарын куруп жаткан "Кыргыз-Кытай" инвестициялык холдингинин башкы директору Кайрат Керимбеков билдирди.

Анын айтымында, долбоор этап-этабы менен ишке ашырылат. Келишимге ылайык, шаар 700 гектар аянтка жайгашмакчы, учурда анын 450 гектары бөлүнүп, калганы трансформациялануу стадиясында.

"Жер "Дордой" базарынан беш чакырым алыстыкта жайгашкан. Аймактын бир тарабы Достук айыл өкмөтүнө караштуу Алма-Ата көчөсүнө чыгат. Казакстандын чек арасына жана аэропортко чейинки аралык 14 чакырым. Курулуш иштери Ала-Арча 3 суу сактагычына жакын жерде жүргүзүлүп, бирок көлмөгө зыян келтирбөө максатында 200 метрлик коргоо зонасы сакталат”, - деп белгиледи Керимбеков.

Ал кошумчалагандай, долбоор турак жайларды камтыган соода-логистикалык шаар болот.

"Биздин башкы план боюнча шаар үч бөлүктөн турат. Сол тарабында турак жайлар жана микрорайондор, ортосунда соода жана бизнес борборлору, ал эми оң жагында 100 гектарга жакын кампалар жана логистикалык зона орун алат. Ошондуктан биз турак жайларды камтыган соода-логистикалык шаар деп атадык. Ошондой эле "Манас" соода-логистикалык шаарында жарандар үчүн 60 миң жумуш оруну пайда болот”, - деди ал.

Белгилей кетсек, "Манас" соода-логистикалык шаарынын курулушуна үстүбүздөгү жылдын 17-октябрында министрлер кабинетинин төрагасы мезгил кутусун салган. Иш-чарага Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышкан. Шаар 700 гектар жерге жайгашып, аны курууга бардыгы 4,2 млрд доллар каражат сарпталары маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий