Бизге көпчүлүк жарандар өткөрмө кагаздарын алуу үчүн кайрылууда - Жоробеков

Аймак 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Бизге кайрылган жарандардын 90 пайызы өткөрмө казагдарын алуу боюнча кайрылып жатышат. Бул тууралуу ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматынын жетекчиси, Сузак району жана Жалал-Абад шаары боюнча коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк жарандар өткөрмө кагазын алуу үчүн кайрылып жатышат. "Уруксат берүүнү болушунча кыскартуудабыз, анын ичинен алгачкылардан болуп, медиктерге, алардын унааларына жана милиция кызматкерлерине берип жатабыз. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлик органдарынын жетекчилери менен түз байланышып, кызматкерлерге канчалык деңгээлде өткөрмө кагазы зарыл экендигин карап, анан берип жатабыз”, – деп кошумчалады ал.

Учурда өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 58ге жетти.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам саат 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий