• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абадда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Жалал-Абадда кышка даярдыкты өз убагында жүргүзбөгөн жетекчилердин иши каралат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынында билдиргенди.

өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, облус башчысы күз-кыш убагында электр энергиясын үзгүлтүккө учураптоо үчүн социалдык мекемелерди альтернативдик жылытуу системасына өткөрүү ишин тездетүү талабын койду. Ал аны менен бирге район-шаарларда калкка көмүр камдоо боюнча жумуштун солгундугун сынга алды. Бардык аймактарда 9 айдын жыйынтыгы менен ушул жылдын 10-октябрына чейин даярдыкты жүз пайызга жеткирип, чукул чараларды көрүүнү тапшырды.

Облуста электр энергияны белгиленген лимиттен көп пайдалануу Чаткал районунан башка бардык район-шаарларда орун алган. Алсак, ушул жылдын 1-апрелинен 1-сентябрына чейин “Жалалабатэлектр” ААКнын электр тармактарынан бекитилген лимиттен 51,7 млн кВт саатка ашыкча пайдаланылган. Ал эми 1-сентябрга карата жалпы дебитордук карыз - 12%, анын ичинен калктын карызы -7,7 пайызга кыскарган.

Жалал-Абад облусунун аймагында “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына таандык 28 коммуналдык откана бар. Аймакта билим берүү тамагында 757, саламаттык сактоо жаатында 1548 объект бар. Алар газ, мазут, электр энергияси жана көмүр менен жылытылат.

Облус боюнча калкка күз-кыш мезгилинде 176,4 миң тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө анын 61,8 миң тоннасы камдалган.

Пикир

Оставить комментарий