• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Калктын саламаттыгына кам көргөн "Кыргызфармация" ишканасы

Аналитика 0

Президент Садыр Жапаров бардык тармактарды тартипке салгандай эле, саламаттык сактоо тармагын да унутта калтырган жок. Мамлекеттик медициналык мекемелерден баштап, элдин жонунан кайыш тилип дарыканаларда кымбат сатылган, адамдын өмүрү үчүн маанилүү болгон дарыдан тарта, күнүмдүк жашоодо колдонулуучу кадимки таблеткаларга чейин ортомчусуз сатып алып, элге арзан баада сатылсын деген максатта "Кыргызфармация" ишканасын түзүүнү колго алып, тез эле ишке киргизди. Тактап айтканда, аталган мамлекеттик мекеме ишке киргени Кыргызстандын дары дармек рыногунда тендер деген түшүнүк түп тамыры менен жоюлду. Муну менен фармациялык мафиялардын иши тып токтоду.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 16-июнунда ички органдарды трансплантациялоону уюштуруу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, анда "Кыргызфармация" ишканасы толук кандуу ишке кирип, дары чыгарган өндүрүш заводдору менен келишимдерди түзүү үчүн бюджеттен тийиштүү каражат бөлүнбөгөнүнө нааразы болуп, Финансы министрлигин, Саламаттык сактоо министрлигин жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун сынга алган.

Ошентип президенттин тапшырмасы жана так талабы менен каражат бөлүнүп, иш башталды.

Ишкана түзүлгөнгө чейин:

  • Чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдөн түз сатып алуулар дээрлик 30 жыл бою мүмкүн болгон эмес.
  • Дээрлик 290 медициналык уюмдун ар бири өз алдынча тендер аркылуу дары каражаттарын алууга аргасыз болушкан.
  • Сатып алынчу дары каражатынын көлөмү аз болгондуктан жергиликтүү жеткирүүчүлөр гана тендерге катышып келишкен.
  • Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттары дайыма тартыш болуп келген.
  • Жалпы сатып алуулардын наркы миллиарддарды чапчыган.

Бул тармак эгемендүүлүктүн ары бери солкулдаган 30 жылында башка тармактардай эле иретке салынбаган, эң татаал, башаламан бойдон калган. Чет өлкөлүк болобу же ата мекендик өндүрүчүүлөрбү, айтор дары-дармекти Кыргызстан өз тарыхында эч качан түз сатып алган эмес. Дайыма тендер аркылуу алынып, ортомчу компанияларды эбегейсиз байытып келгени да сыр эмес. Тендер деген терминдин мамлекеттин системасына сиңип калганынын дагы бир олуттуу себеби бар. Анткени, тендер аркылуу сатып алуу айрым чиновниктерге, тиешелүү жетекчилерге да "ыңгайлуу жана пайдалуу" эле.

Мына ушундай жеке кызыкчылыктардын кесепетинен кезинде заводдон 100 сомго сатылып алынган дарылар, карапайым калктын колуна тийгиче 1000 сомду чапчып кетер эле.

Мисалы, буга чейин жеке фармацевтикалык компаниялар аркылуу "Левофлаксацин" дарысын 16 сомдон 40 сомго чейин сатып алышкан. Азыр "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы бул дарыны 5-12 эсе арзан, тактап айтканда, болгону 3 сомдон сатып алат.

Ал эми, "Карведилолдун" ар бири тендер аркылуу 15 сомдон сатылып алынса, мамлекеттик ишкана аны 2,59 тыйындан сатып алат. Жогоруда аталган эки дарыдан эле мамлекет 22 млн 562 миң сом үнөмдөгөн.

Ошондой эле, "Аторвастатин" дарысы мурда тендер аркылуу 17 сомдон сатылып алынса, "Кыргызфармация" болгону 1,33 сомдон алып келүүдө. Ал эми, кадимки "Цефтриаксон" 220 сомдон сатылып алынса, мамлекеттик ишкана аны 52,74 сомдон сатып алууда.

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы ачылган күндөн тарта, буга чейин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу сатып алынган дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды өндүрүүчүлөр менен түз келишим түзүп, дарылар 200-600 пайызга арзан алынып келүүдө. Бүгүнкү күндө аталган ишкана 151 өндүрүүчү жана жеткирүүчү менен түз келишим түзүүгө жетишкен.

2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча сатып алуулардан үнөмдөлгөн акча каражатынын жалпы суммасы 497,3 млн сомду түздү.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча жаңы ачылган "Кыргызфармация" ишканасы ачылган эле жылы бюджеттик каражаттын 131 млн сомун үнөмдөп, 28 млн сом киреше тапты.

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын салымы менен бир гана дары-дармектин баа саясаты жөнгө салбастан, жашоо үчүн маанилүү болгон дарылардын тартыштыгы жоюлуп, зарыл болгон бардык түрү өлкөгө тынымсыз жеткирилүүдө.

Муну менен катар, 2023-жылдын күз айларынан тарта "Кыргызфармация" ишканасынын филиалы катары Эламан мамлекеттик дарыканалары арты артынан ишке кире баштады. Учурда республиканын региондорунда жалпы 92 мамлекеттик дарыкана иштөөдө. Аларда дарынын баасы, жеке менчик дарыканаларга салыштырмалуу бир кыйла арзан сатылат. Анткени мамлекеттик дарыканадагы дарылардын баасына жалпы чыгымдан 5%дан ашык кошулбайт. Сатуу текчелеринде дарылардын 2 миң 500дөн ашык түрү бар.

Мындан улам дары рыногунда атаандаштык пайда болду. Атаандаштык болгон жерде сөзсүз түрдө арзанчылык орун алат эмеспи.

Диана Айдарова, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий