Советтер союзу тарап, ар бир республика өз алдынча мамлекет болуп бөлүнгөндөн кийин деле эгемендүү республикалардын жаңы бийлиги мурунку СССР учурундагы калкты социалдык жактан коргоо жана колдоо саясатын жүргүзгөнү аракет кылып келген. Социалдык маселелер Кыргызстандын бийлигинин артыкчылыктуу багыты болуп, ошондогу кыйынчылыктарга карабастан мамлекет өзүнүн социалдык милдеттенмелерин аткарганга аракет кылган.
Бирок тилекке каршы, 30 жыл ичинде мурунку бийликтердин кетирген каталарынан, өлкөдө коррупция, паракорлук, уюшкан кылмыштуулук күчөп, ошондогу бийликтердин социалдык маселелерин чечкенге дарамети жетпей калган. Айлык акылар, пенсия, жөлөк пулдар көтөрүлмөк турсун, өз убагында берилбей, алардын ордуна товар менен берилип калган мисалдар бар. Кары-картаңдар, мугалим, дарыгерлердин жашоо деңгээли төмөндөп кеткен. Бийликтегилер кызмат ордун сактап калыш үчүн шайлоолордо административдик ресурстарды колдонуп, өздөрүнө тийиштүү партияларды алдыга чыгарып турушкан. Ошонун себебинен, өлкөдөгү саясий кырдаал оор абалга жетип, бийлик үч жолу күч менен кетирилген.
Кыргызстандагы бүгүнкү кырдаал алдаганча башкача, айырмасы асман менен жердей десек болот. Бүгүнкү күндө да социалдык маселелер мурункудай эле бийликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бирок, айлык акылар, пенсия, жөлөк пулдар көтөрүлгөнүнө күбөбүз. Мугалим, дарыгер, аскер кызматындагылардын айлык акылары 100 пайызга чейин жогорулап, айрымдарына мамлекет компенсация да төлөгөнгө үлгүрдү.
Тактап айтсак, 2021-жылдын башынан тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикалык дарыгерлердин маянасы 100%га, ал эми калган категориялар үчүн 50%га көтөрүлдү. 2024-жылдын сентябрь айында дагы бир өсүш болду. Дарыгерлердин маянасы 50%га, медайымдардын айлыктары 20%га, кенже медициналык кызматкерлердин жана тез жардам айдоочулардыкы 10%га жогорулаган.
Мугалимдердин орточо айлыгы учурда 26 миң 400 сомдун тегерегинде. Эң көп айлыкты бийик тоолуу жана алыскы аймактарда иштеген мугалимдер менен бирге тажрыйбасы мол, окуу жүктөмү чоңдор алышат. Ошондой эле аттестациядан ийгиликтүү өткөн мугалимдерге ай сайын айлык маянасына 5 миң сомдон кошумча төлөнөт.
Аскер кызматчылары 60 миң сомдон 80 миң сомго чейин алышат, тагыраак айтканда, аскер кызматкерлеринин айлык акысы 4 эсеге көбөйтүлдү. Алыскы чек ара заставаларында аскерлерге турак жайлар курулуп, жашоо-турмушу кыйла жакшыртылган. Мындан сырткары кыргыз армиясы күчтөнүп, ар кандай жаңы заманбап аскер техникалары менен камсыз болду.
«Алгачкы жылдары пенсияны жогорулатуу дайыма орто эсеп менен 200-300 сомго чейин жүргүзүлчү. Эми биз пенсияны өлкө боюнча дароо эле орточо 1700 сомдон 3400 сомго чейин көтөрүүнү чечтик. Бул идеалдуу көрсөткүчтөн алыс экенин билебиз. Бирок бүгүнкү бюджеттик мүмкүнчүлүктөргө таянып, биз жарандарыбыздын жашоо шартын жакшыртуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз», — деп билдирген президент Садыр Жапаров. 2024-жылдын 1-октябрынан баштап, пенсиянын жалпы суммасы үстөктөрдү эске алганда 6900 сомдон төмөн эмес берилүүдө.
Үч жылдын ичинде “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында 4 миңден ашуун үй-бүлө ипотекалык турак жай менен камсыз болду.
Бүгүнкү күндө МИК бардык тартылган финансылык ресурстарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында турак жай куруу долбоорлорун ишке ашырууга гана жумшоодо. Бул курулуш секторун өнүктүрүүгө жана калк үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Учурда республиканын аймагында 590 көп кабаттуу, 40 330 батирден турган турак жайдын курулушу жүргүзүлүүдө:
Ипотекалык турак жайлар борбор шаарларда гана эмес, региондордо курулуп жатат. Мамлекет муну менен эки маселени чечүүдө. Биринчиси – ички миграцияны азайтуу, экинчиси – региондогу калкты турак жай менен камсыз кылуу. Бул жерде дагы бир жакшы ишти белгилей кетүү керек. Региондогу калкты жумуш менен камсыз кылуу үчүн аймактарда кичи жана чоң ишканалар курулууда. Демек, алдыңкы жылдары МИКтин объектилери ар бир облуста пайда болот.
Деги эле акыркы 4 жылдын ичинде Кыргызстанда курулуш тармагында рекорд жаралды десек болот. Социалдык мекемелерди куруу жагынан эгемендүүлүктүн 30 жылын артка таштап, акыркы 4 жыл аралыгында курулган социалдык объектилер өлкөгө жаңы дем бергендей эле болду.
Буга чейин бюджеттин тартыштыгынан чынында маданиятка да көңүл бурулбай калган. Бүгүн бул тармакта башка көрүнүш. Маданият министрлигинде маданият жана искусствону колдоо максатында ар жылы жетиштүү каражат бөлүнүүдө.
Ал каражат маданият мекемелеринин жана чыгармачыл союздардын ишиндеги боштуктарды толтурууга жумшалган. Белгилүү болгондой, 2022-жылы апрелде маданият тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысы 70%дан 100%га көтөрүлгөн.
Мындан тышкары, Кыргызстандын алты чыгармачыл союзу – жазуучулар, композиторлор, архитекторлор, сүрөтчүлөр, кинорежиссерлор жана театр ишмерлеринин ар бири 10-15 млн сомдон алышкан. Бул каражаттар улуттук баалуулуктарды даңазалаган долбоорлорго багытталган.
Ошондой эле республика боюнча театрлардагы, концерттик залдардагы жана маданият үйлөрүндөгү музыкалык аспаптарды жаңылоого 200 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн.
Мындан тышкары, Маданият министрлиги окуу жайларына окуу-методикалык каражаттарды, техникалык базаны жаңыртуу жана жаңы жабдууларды жана шаймандарды сатып алууга каражат бөлгөн.
Акыркы жылдары бийлик, мурда каралбай калган, илимге, өлкөнүн башкы улуттук илимий мекемесине өзгөчө көңүл бура баштады. Быйыл анын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүп, келечекте каржы маселесин чечүүнү пландап, илимий кызматкерлердин айлык маянасы 100 пайызга көтөрүлдү.
Бийлик тараптан карапайым элдин балдарына чын дилинен кам көрүү иштер жүргүзүлүүдө. Мунун бир мисалы, Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы «Акылман» лицейин аземине катышып, ал мектепке жети дубандан карапайым калк арасынан жакшы окуган, ата-энесинин бирөөсү жок же тоголок жетим, калктын аярлуу катмарындагы жигердүү окуучулардын тандалышын айтсак болот.
Аларга бардык шарттар түзүлдү, бекер жатакана жана тамактануу, мугалимдерди конкурстук тандоо, англис тили, химия, физика, биологияны тереңдетип үйрөнүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Быйыл мектепте билим берүүнү трансформациялоо боюнча жаңы мамлекеттик «Алтын казык» программасы сунушталды. Программанын максаты - Кыргызстандагы балдарга келечекте дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болуу үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги билим жана көндүмдөрдү берүү. «Алтын Казык» жакынкы 10 жылга амбициялуу максаттарды коюп, адам капиталын инвестициялоого басым жасайт.
Кыргызстанда болуп жаткан жакшы иштер түздөн-түз бийлик башында турган президент Садыр Жапаровдун ысымы менен байланышканын белгилейт Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев.
“Аз убакыттын ичинде өлкөдө 30 жылда жасалбаган мыкты иштер жасалды. Себеби ар бир жарандын мамлекет үчүн ак дилден кызмат өтөй турган учуру келет экен. Мына ошол учур келип, ал адам Садыр Жапаров болуп чыкты. Ал өзүнүн саясий эрки, адамгерчилигинин, жарандык күчтүү позициясына таянып, Кыргызстанда акыркы 3 жылда мыкты ийгиликтерди жаратты. Бардык нерседе салыштыруу болот эмеспи. Кечээ кандай болгон, бүгүн кандай болуп жатат деп суроо сала турган болсок, курулуп жаткан жолдор, социалдык мекемелер, пенсиянын көтөрүлүшү, жөлөк пулдардын жогорулашы, айлык акылардын мамлекеттик кызматкерден баштап эң жөнөкөй жумушчуларга чейин көтөрүлүшү, мына ушулардын бардыгы экономикадагы болгон өсүштү тастыктайт. Мына ушул сыяктуу жакшы иштер аз эле убакыттын ичинде жүзөгө ашты.
Ал эми саясий-экономикалык реформалар өзүлөрүнүн натыйжасын бере баштады. Бийлик элибиздин жашоо шартын оңдогонго багыт алып, элдин бийликке болгон ишеними акырындык менен акталып сыймыктануу менен айтыла баштады. Ушунун башында, албетте президентз Садыр Жапаров турат”, - дейт академик Чолпонкул Арабаев.
Бүгүн мамлекет күчтүү экономикалык башкаруучу болууга жана тартипти сактоону гана үйрөнбөстөн, андан кем эмес мааниге ээ болгон – өз жарандарына кам көрүүнү үйрөнүп, жашоого, иштөөгө, билим алууга жана маданиятты өнүктүрүүгө татыктуу шарттарды түзүп жатат.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий